БатМУдагы институттар жана колледждер арасында 17-ноябрь күнү достук фестивалы болуп өттү. Фестивалдын максаты жаштардын талантын өркүндөтүү менен улуттар аралык достукту чыңдоо.
Фестивалда жаштар улуттар аралык достукту көрсөтүү менен кошо кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын көрсөтүштү. Кыргыздын улуттук аспаптарында ойноп, өнөрлөрүн тартуулашты. Сынактын жыйынтыгында Сүлүктү педагогикалык колледжи 1-орунга, БатМУнун институту 2-орунга, Кызыл-Кыя педагогикалык колледжи 3-орунга ээ болушту.
Фестивал жүрүп жаткан учурда Сүлүктү педагогикалык колледжинин студенткасы Садридин кызы Гүлмиранын пикирин сурап өттүк.
«Фестивал мен учун аябай жогорку денгээлде өттү. Мага жаккан жери чек арадагы көрүнүштөр даана чагылдырылып, жаштарды ынтымакка үндөдү»,- деди Гүлмира.
Ийгиликти багынткан окуу жайларга сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.
Даярдаган: Перизат Ташова