Сүлүктү шаарынын Кошбулак поселкалык башкармалыгынын тургуну, жеке ишкер-Бердиева Саткын эже жалпы коомчулукка үлгү боло турган сооптуу иш жасады.
2014- жылдын декабрь айында Борбор калаа Бишктин республикалык ооруу канасынын нейрохирургия бөлүмүндө 16- жаштагы шал болуп жатып калган Кошбулактын тургунуна операция жасалып аз убакыттын ичинде басып кетти.
Айта кетүүчү нерсе атын атоону каалабаган бала, 3 жыл муруда портер машинасынан түшүп кетип шал болуп калган. Ата-энеси каражат жоктуктан баласын оорууканага көрсөткөн эмес. Операцияга кеткен чыгым 200 миң сомду толугу менен Саткын эже өзү төлөгөн. С.Бердиева ооруган балага эч кандай тууганчылыгы жок. Ооруу бала жөнүндө ноябрь айында угуп, дароо оорууканага алып барган.
Кабарчы: Туххтаров Анвар