Кошбулак аймактык башкармалыгында ЮНИСЕФ долбоорунун колдоосу менен айылдык китепкана 250 ашык заманбап китептер менен жана китеп окуу үчүн жабдуулар менен толукталды. Бул долбоор 2014-жылдын жаз айында башталып, окуу тарбия боюнча окуулар, тренингдер өткөрүлүп жаш энелер билимин жогорулатты. Бүгүн долбоордун толук бүтүп пайдаланууга тапшыруу аземи болду. Долбоордун ишке ашуусуна Кошбулак поселкалык башкармалыгынын башчысы Бакытбек Эркинович Сапаркуловдун салымы өтө зор болду-дейт айылдык китепкананын башчысы Зульфия Шафигулина.
Кабарчы: Тухтаров Анварбек