Кош-Булак поселкалык башкармалыгы 31-декабрь күнү саат 12:00до Жаңы-Жылга карата бал-маскарад өткөрөт. Бал-маскарад поселканын центринде болот. Ага поселканын тургундары жана коноктору катышат.
Бал-маскарад Кош-Булакта жыл сайын өтүп турат. Аны Аяз-Ата менен Аяз-Кыз коштойт. Интернаттын балдарына белектер тапшырылат. Шаан-шөкөт ыр-бий менен коштолот.
Даярдаган: Юлия Крюкова