Бүгүн, 26-декабрь күнү, Кош-Булактын №9-мектеп гимназиясында Гапыр Мадаминовдун китептери жөнүндө маалымат берилүүдө. Китептердин негизги максаты жаштарды билимге тартуу, тарбиялоо жана эмгекке үйрөөтүү. Семинарга мугалимдер, студенттер жана мектептин окуучулары катышат.
Семинардын катышуучуларынын бири кыргыз тили жана адабият мугалими Зийнатай Сапарованын пикири боюнча, бул семинар кызыктуу деңгээлде жүрүп жатат. Бул семинар жаштарга оң тасирин тийгизип, билим алууга үндөйт, дейт Зийнатай Сапарова.