Сүлүктү тазасуу канал муниципалдык ишкананын директору Халов Шамшидин Каримович аталган тармакта иштегенине 10 жыл болду. Бул жылдар аралыгында шаарыбыздын суу чарбалыгында көптогөн жумуштар аткарылды. Кайсы бир жылдары крандардан суу чыкпай, жергиликтүү калк ичүүго таза сууга айлап зарыккан күндорү болгон. Жетекчи ошол кездеги вице-мэр, азыркы шаардын мэри Ибрагимов Абдызакир Азыбаевичтин сунушу менен жумушка келген.
Мурда Сүлүктү шаарында таза суу Самат айылындагы насостук станция аркылуу келген. Насостук станция иштеп туруусу үчүн саатына 670 кВт ток иштелген, көп бузулган. Иш билги жетекчи качан шаарлардын инфрастуктурасын жана потенциалын арттыруу боюнча АРИС, ПРООН, “Кызыл Чырым” уюмдары менен иштешүүгө долбоорлорду жазган. Натыйжада шаар эли сууну Чалдыбалдыдан ичсе, азыр таза суу “Тегирмен-Сай” жайлоосунан жана Айкөл айылындагы скважинадан өз агымым менен келет. Долбоор жазып ПРООН аркылуу 3 млн акча алып 15 жылдан бери таза суу жетпеген Кош-Булак аймагынлагы “Камчатка” аймагына суу түтүктөрү тартылып, айыл эли таза суу менен камсыз болушту.
Free Online Interior Design Courses « Wise Appraisals’s blog