“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүлүктөр менен- Элге жакын Министр жолугушту

3 Январь 2015 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны: 63

20141231_125306

Бүгүн 3-январь 2015-жылы Сүлүктүдө Кыргыз Республикасынын Социалдык Өнүктүрүү Министри К. Базарбаев иш сапары менен болду. Иш сапары учурунда Кудайберген Базарбаевич социалдык жактан колдоого муктаж жарандар менен жолугушуп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча пикирин укту. Андан сырткары Сүлүктүдөгү карыялар үй-интернатындагы улгайган кишилердин абалынан кабар алып, аларды Жаңы Жыл менен куттуктады. Шаар жетекчилери менен официалдуу жолугушуу учурунда бир топ маселелер ордунда чечилди. Айта кетүүчү нерсе Шаардагы акыл-эси жактан жетишсиз балдардын көмөкчү мектеп интернатына ден-соолукту коррекциялоочу борбор түзүү боюнча Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б.Сапаркулов сунушун Министр мырза толук колдоорун билдирип, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз иш жүргүзүп маселени чечип берүү убадасын берди. К. Базарбаев коррекциялоо борборлору Россияда жакшы натыйжаларын берип жатканын, бул практиканы Кыргызстанга да жайылтуу максаты бар экенин маалымдады.

Кабарчы:        Анварбек Тухтаров