Жалган маалымат берип «жасалма майып » болуп жөлөк пул алып жүргөндөр бүгүнкү күндө да бар. Өкүнүчтүүсү «жасалма майыптар » чыныгы майыптарга караганда көп жөлөк пул алат. Ошолурду аныктап аларга кеткен чыгымдын ордуна тубаса майып балдарга көбүрөөк жардам берсе жакшы болот деп маалымдады шаар тургуну, 3 топтогу майып Анар Исманова 3 январь 2015-жылы Социалдык өнүктүрүү министри К. Базарбаев менен болгон жолугушуусу учурунда. Бул сунуш менен макул экендигин жана майыптыкты аныктоо учурундагы коррупциялык аракеттерди жою үчүн бир топ иштер жүргүзүлүп жатканы жөнүндө Министр Кудайберген Базарбаев кеңири маалымат берди.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров