7-январь күнү Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын жыйыны өтө курч, бир топ талаш маселелер ортого ташталып талкуу менен өттү. Жыйынга Бүтүн Кыргызстан партиясынын мүчөлөрүнөн башка да Сүлүктү шаарынын мэри А.Ибрагимов шаардын жетекчилери жана башка саясий партиялардын өкүлдөрү байкоочу катары катышты. Маалым болгондой Бүтүн Кыргызстан партиясы Республика партиясы менен бирикпейт. (А. Мадумаровдун видео репортажы) Калган партиялардын кимиси менен биригүү же кошулуу маселеси бир айдын ичинде чечилет. Кызуу талкуу жараткан маселе партиянын Сүлүктүдөгү координатору Г. Халбековдун аткарган жумушуна татыктуу же татыксыз дегенде болду. Коомчулук өкүлдөрү А.Исманова, Б. Абдираимов жана кат жүзүндө кайрылган аты аталбаган жарандар татыксыз анкени ал Республика партиясынан айлык акы алып үгүт иштерин жүргүзөт, керек болсо башка партияларга оңой эле кошулуп жүрөт-деген сөздөрү болду. Бул суроого Лидери А.Мадумаров маселени тактап, эгер аныкталса партиянын катарынан чыгарууга чейин чара көрүлөрүн маалымдады.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров