“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Аба-ырыйынын кескин жогорулашы Сүлүктүдө да көйгөй жаратууда.

17 Февраль 2015 жыл 1:08
Көрүүлөрдүн саны: 75

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын нормадан бир  топ жылуу болуусу менен  жем-чөптүн баасы, көмүрдүн баасы арзандады бирок инфраструктурага зыяндуу кесепеттерин да алып келди. Атап айтсак январь айында бир тай (пресстелген) чөптүн баасы 280 сомго чыккан болсо февралда 230 сомго түштү же 50 сомго чейин арзандады. Бирок карлар тез эрип ошондой эле жамгыр жаагандыктан суу көбөйүп арыктардан ашкан суулар ички автомобиль жолдорунун (таш төшөлгөн) бузулуусуна алып келди. Ошондой эле суу жыйылып калып кээ бир жерлер чөгүп кетип жатат.

«Ушундай көрүнүш 90- жылдары катталып жер көчкүлөрү жүргөн. Азыр жер кыртышынын абалына байкоо күчөтүлгөн. Кандайдыр бир өзгөрүү байкалса дароо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине маалымдалып турат»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркулов.

Сүрөттө чөгүп кеткен жолдун көрүнүшү.

20150216_175232

Кабарчы:                  Анварбек  Тухтаров