“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Элдик жыйын өткөрүлдү.

19 Февраль 2015 жыл 19:17
Көрүүлөрдүн саны: 114

Бүгүн 19.02.2015-жылы Кошбулак аймактык Поселкалык башкармалыгында 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Элдик жыйын (сход) өткөрүлдү. Жыйынга шаардык Кеңештин төрагасы К.А.Исмаилов, шаардын прокурору А.Д. Анарботоев, шаардын Ички Иштер бөлүмүнүн начальниги А. А  Аширбаев,шаардын Башкы Санитардык врачы М.Исканов, шаардын  Башкы ветеринардык врачы У. Абдурасулов жана коомдук өзалдынча башкаруу аймактарынын башчылары катышты. Жыйынды Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын башчысы Б.Э. Сапаркулов ачып алып барды. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча ага аймактык тескөөчү майор Х. Паизов жана балдар менен иштөө ага инспектору майор Б. Досов отчет беришти. жыйынтыгында Отчеттор талкууланып «жакшы» деген баа берилди. Экинчи маселе боюнча М. Исканов жана У. Абдурасуловдор эхинокок боюнча маалымат беришти. Үчүнчү ар түрдүү маселелер боюнча суроолорго Шаардык Кеңештин төрагасы, прокурор жана милиция начальниги жооп берип жыйынтыгында 2015- жылы биргелешип аткарылуучу приоритеттүү маселелер аныкталды.

20150219_134317

Кабарчы:         Анварбек Тухтаров