«Сүлүктү шаарынын аймагында улгайган жалгыз бой жарандарга 2007- жылдан бери «Бабушка Едапшн» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ай сайын 10 евро же 700 сомго жакын акча стипендия катары берилип келек. Андан сырткары кыш узун болуп үзүкчүлүк болгон жылдары кошумча ысык тамак да уюштурулуп, кээ бир келе албаган жарандардын үйунө чейин термос менен жеткирилип турду. Мындан ары улгайган кишилерге жардамды арттыруу максатында өз ара жардамдашуу топтору түзүлдү»- дейт фонддун Баткен областтык филиалынын директору Алмазбек Азиреткулович Рахманов.
Фонддун ишмердүүлүгүнө бүгүн 21.02.2015-жылы Донордук уюмдар тарабынан мониторинг жүргүзүп «эң жакшы» баа берилди. Бул боюнча Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов төмөнкүдөй токтолду: «Бабушка Едапшн коомдук кайрымдуулук фонду менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келебиз. Кошбулак боюнча 42 жаран камкордукка алынган. Жардам алган жарандар аябай чексиз ыраазы, кээде стипендиядан сырткары дары дармекке да кошумча каражат бөлүнөт. Даталуу күндөрү белектер да берилет, анткени жалгыз бой улгайган жарандарга эң негизгиси моралдык колдоо жана жылуу мамиле. Бул фонддун ишмердүүлүгүнө мындан ары да бардык мүмкүнчүлүк менен колдоо көрсөтүп тыгыз иш алып барабыз»
Сүлүктү шаары боюнча улгайган жалгыз бой (багар көрөрү жок) жарандардын көп болуусу көп мурда жарандар Россияга көчүп кетип, улгайган кишилер климатка көнүп калгандыктан кете албай калган. Кээ бирөөлөрүн жакындары чакырса да ден-соолугуна байланыштуу бара албай.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров