Баарыбызга белгилүү болгондой Улуу Жеңиштин 70- жылдыгын татыктуу тосуу аракеттери мамлекетибизде кызуу жүрүп жатат жана атайын Өкмөттүн токтому да чыккан. Ал эми мамлекеттик эмес уюмдарда, коомдо кандай жүрүп жатат? Бул боюнча Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б.Сапаркулов иликтөө жүргүзүп көргөн:
«Чындыгында Улуу Жеңишти тосууга коомчулук кандай маанайда, кээ бир КМШ ( мурдагы СССРге мүчө) мамлекеттери бул майрамды белгилөөдөн баш тартып жатат, (Украина) кээ бирлери эскерүү күнү катары баалоону каалап жатат а биздечи? — деген темада иликтөө жүргүздүм. Бул темада » Генералы Мира За Мир»- Эл аралык уюмунун жетекчиси, кыргызстандык отставкадагы Генерал Анатолий Алексеевич Скаргин дин демилгеси аябай жакты. Генерал А.Скаргин буга чейин өзү жашаган кварталда арча көчөттөрүн отургузуп аны Аллеяга айландырган.
(Быйыл да Улуу Жениш майрамын утурлап, пенсиядагы күч структурасынын өкүлдөрү менен Бишкек шаарынын дагы бир кварталына көчөттөрдү отургузуп бакка айландырууну көздөп жатат. Бул биринчиден экологияга аябай пайдалуу болсо экинчиден жаштарга үлгү, ал эми табият үчүн зор салым болот. Ушул демилге бардык айылдарда колго алынса жакшы болот эле деген үмүтүм чон»- дейт Б.Сапаркулов
Кабарчы: Анварбек Тухтаров