“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Кыргызстанда Тынчтык Форуму өттү.

26 Февраль 2015 жыл 17:17
Көрүүлөрдүн саны: 85

20150226_105928

Бүгүн 26.02.2015- жылы Бишкекте, Клооп Медиа борборунун конференц залында  Тынчтык Форуму өткөрүлдү. Бул форумга Ислам Дининин, Православ дининин өкүлдөрү, Жамаатык массалык маалымат каражаттарынын Кыргызстандагы өкүлдөр,  Генералдар Тынчтык Уюмунун башчылары катышты. Форумда Ислам дининен окутуучу аалым Сабыр Мураталиев, Православ дини боюнча Анастсия Вересова, Жамааттык ММК Ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Джусупова, Генерал Анатолий Скаргин сөз сүйлөп, ар бири өз тармагы боюнча маалымат берип, Тынчтыкка Үндөдү.

Тынчтык Форумун Эл аралык Жаштар тынчтык тобунун Кыргызстандагы Офисинин башчысы Бакыт Сапаркулов уюштуруп алып барды.

«Форум волонтердук негизде өткөрүлдү. Форумга жаштар, аялдар уюмдарынын активдүү мүчөлөрү катышты. Эң негизгиси Тынчтык Форуму өз максатына жетти»- дейт Нарын облусунун «Жерге-Тал» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Алмасбек Омуров.

Баннер 3х2 метра

Кабарчы:                Мусуратилла Исканов