Жылдагыдай эле жогорку класстардагы Окуучулардын ортосунда өткөрүлүүчү Облустук олимпиаданын жыйынтыгы чыкты. Бул жөнүндө Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов маалымат берди. «Облустук олимпиадада №1- мектептен бир окуучу орус тили сабагынан 1-орунду, №9- гимназиядан 1 окуучу кыргыз тили сабагынан 3-орунду, №3- мектебинен бир окуучу 3- орунду алып жалпы шаар боюнча 1 биринчи орун, 2 үчүнчү орун болду»- дейт А. Исманов.
Ушул эле олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кошуна Лейлек районунун №3- гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токтоназарова «Бир эле биздин гимназиябыз өзү, облустук олимпиадада бир биринчи орун, үч экинчи орун алды»- деп маалымат берди.
(сүрөттө А. Исманов маалымат берип жатат)