Сүрөттө Эл-милиция менен Жолугушууда.
Сүлүктү шаарында жер маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен «КОАЛ групп» жоопкечилиги чектелген коомунун ортосунда чыр чатак чыкты.
Талашка түшкөн маселе Кошбулак аймагындагы калктуу конуштун ортосундагы 11 Га жер тилкеси. Аталган жер тилкесине мэрия тарабынан 87 үй-бүлөгө үй куруу үчүн берилген. Ал эми «КОАЛ групп» ЖЧК жер астындагы көмүрдү казуу үчүн ушул 11Га жерге лицензия алып келген. Мыйзам боюнча экөөнүн бирөөсү туура эмес экендиги анык. Ошондуктан чырды ырбатпай мыйзам чегинде чечүү үчүн ишкана лицензиясын коргоп Сотко кайрылган. Сот 7 Га ишканага, 4 Га элге чечк.. Бул чечим менен жергиликтүү тургундар макул болбой Жогорку Сотко көзөмөл иретинде Президентке Арыз менен кайрылып жатат.
Маселенин чоо жайын тактоо үчүн мэриянын юристине кайрылганыбызда «Чындыгында Элдин талабы туура, бирок правокацияга алдырбай мыйзам чегинде иш жүргүзүү керек дейт. Ал эми лицезия берилүүсүнө мэриянын каты себеп болгон. Ал эми лицензия каттын эмес жер комиссиясынын токтому менен берилиши керек. Бул көйгөй мэриянын техникалык катачылыгынан улам келип чыккан. Азыр ушул катаны оңдоо үчүн биз да Сотко кайрылып жатабыз»- дейт жетектөөчү адис юрист У. Осмонова
«Эмнеси болсо да тынч бүтсө болгону. Эми маселени мыйзам чегинде чечилүүсүнө методикалык жардам сурап «Сүлүктү» мультимедиялык борборунан Элдин атынан Ш. Джураев Айылынын башчысы Н. Айжигитов кайрылды»- дейт М. Исканов
Маселе биротоло чечилмейинче коомчулукту кабардар кылып турабыз.
Кабарчы: Б. Юсупова