Кошбулактын тургундарына маалыматты ыкчам жеткирүү аракеттери «Сүлүктү»- мультимедиалык борбору тарабынан иш жүзүнө ашырылмакчы. Бул кадимки эле уюлдук телефонго СМС катары келет жана уюлдук операторлор аркылуу «твиттер» программасы менен ишке ашат. Аның үчүн айыл тургундары бир эле жолу follow suluktumedia деген смс 4040 номерине жөнөтүүсү керек. Бир эле смс үчүн акча кетирет. Калган смстер акысыз эле, баланста акчасы жок болсо деле келе берет. » Бул ыкма табигый шарты катаал биздин аймакка өтө пайдалуу экен. Өзгөчө кырдаалдар болуучу учурларда, же техногендик себептер менен болуучу ыңгайсыздыкты алдын ала коомчулукту кабарлоого абдан пайдалуу экен. Негизинен эле жергиликтүү маалыматтарды ыкчам жеткүүнүн Элге өтө пайдасы чоң»- дейт Аймактын өзалдынча башкаруу башчысы Бакытбек Сапаркулов.
Кабарчы: Б. Сапаркулов.