“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Аба-ырайынын суук болгонуна карабай жазгы иштер жүрүп жатат

10 Март 2015 жыл 14:08
Көрүүлөрдүн саны: 62

image

Кошбулакта күн нормадагыдан бир топ суук болгонуна карабай мерчемделген иштер жүрүп жатат. Студенческая, Т. Марипов жана С.Садыков көчөлөрүндө грейдер менен тегиздеп, жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер аткарылып жаткан жумуштун сапатынын төмөн болуусуна алып келет деп эсептегендер да бар. Бул маселе боюнча аймактын өзалдынча башкаруусунун башчысы Б. Э. Сапаркуловго телефон аркылуу кайрылганыбызда: » Ооба коомчулуктун айтканында да чындык бар. Жер толук табына келе элек болгондуктан тегиздөө иштеринин сапаты бир аз начар болууда. Бирок күн жылып оптималдуу температураны күтүп турууга: 1- ден аба ырайын болжолдоп билүү кыйын, убакыт жок, быйылкы жылы Президентибиз мамлекетти өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыктан аткарылуучу иш көп, экинчиден грейдер кошуна Лейлек районунан келгендиктен биз аларга шарт коё албайбыз. Алардын да өздөрүнүн мерчемдүү иштери бар. Бир аз кемчиликтерди күн жылыганда кол күчү менен бүтүрүп алабыз»- деп жооп берди.

Кабарчы:      Гүлмира Садридин кызы