Президентибиз А. Атамбаевдин жарлыгына ылайык «Улуттук экономиканы чыңдоо»- демилгеси менен Сүлүктүдөгү И. Дж. Карабаев жетектеген «Кызыл-Булак» көмүр өндүрүүчү ишканасы жазгы иш чараларын баштады. «Биз Президентибиздин Жарлыгына ылайык аз болсо да өз салымыбызды кошуп, колдон келишинче жашаган аймагыбызды өнүктүрүү үчүн иш баштадык. Бул үчүн биздин эмгек жамаатыбыздын инженердик-техникалык кызматкерлери ар ишемби сайын ишембилик өткөрүп, ички унаа жолдорубузду оңдоп түздөп, шагыл-кум аралашмасын төшөп жатабыз. Бул иш-чарага айдоочуларыбыз да кошулду. Айлана чөйрөнү көрктөндүрүү үчүн Лейлек токой чарбасына көчөткө буйрутма да бергенбиз. Жерге амал келиши менен көчөттөрдү отургузабыз. Жыл бою ар ишемби сайын көчөттөрдү сугарып турабыз»- дейт Исманали Джумабаевич.
Биздин «Эмне үчүн кечирээк баштадыныздар, Жарлык 31.12.14 чыккан эле»-деген сурообузга, «Сүлүктүдө кар эми ээриди. Буга чейин жолдорго «подсыпка» кылып, техникалык туз чачып келгенбиз, бул деле аз болсо да салым»- деп жооп берди.
«Ушундай алгылыктуу демилге бардык аймакта колго алынса тез эле мамлекетибиз өнүгүүнүн стабилдүү жолуна түшөт. Саясат менен убара болгон бекерчилер андан көрө бир жылда он түп эле көчөт өстүрсө өзүнө да, үй-бүлөсүнө да Экологияга да пайдалуу болмок»- дейт. Кошбулак аймагынын башчысы Б. Э. Сапаркулов.
Айтмакчы: Карабаев Исманали Джумабаевич Сүлүктү шаардык Кеңешинин Депутаты, кайрымдуулук иштерин көп жасап жүргөн инсан.
Кабарчы: Мусуратилла Исканов
write a essay for me