“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Кадырлуу карылык долбооруна дагы бир Эне кошулду

18 Март 2015 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны: 70

20150312_112633

Кыргызстандагы «Бабушка Эдопшп» коомдук кайрымдуулук фондунун «Кадырлуу карылык» долбоорунун камкордукка алынган жарандарынын катарына дагы бир жаран кошулду.

«Бул эненин аты жөнү Маараимова Шосанам. Кошбулак Токтогул көчөсүнүн тургуну. Бул жаран төрөбөгөндүктөн балдары жок. Абышкасы жакында каза болгондуктан өзү жалгыз бой калды. Кошбулак аймактык башкармалыгы бир жолку эле жардам көрсөтө алат, ошондуктан туруктуу камкордук көрсөтүп туруу сунушу менен аталган фондго кайрылганбыз»- дейт социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис. Б. Т.Юсупова.

«Буйруса бул энеге Май айынан баштап айына 700 сомдон стипендия жана башка камкордуктар көрүлө баштайт»- дейт «Бабушка Эдопшн» фондунун Баткен облустук филиалынын директору Алмазбек Азиреткулович Рахманов.

20150312_112448

Кабарчы:         Мусуратилла Исканов