“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Кошбулакта сүмөлөк кантип кайнатылат?

19 Март 2015 жыл 14:17
Көрүүлөрдүн саны: 128

20150319_094731

 

2010- жылы Кошбулак аймактык башкармалыгына Б. Э. Сапаркулов башчы болуп келгенден бери аймакта Нооруз майрамын утурлап Сүмөлөк кайнатуу салтка айланды. Мына ошол сүмөлөк кайнатуу жөнүндө «Сүмөлөк 2 казанга (100 л) кайнатылып, 20-март күнү бир бөлүгү көмөкчү мектебиндеги, аймактагы жетим балдарга, оорууканада дарыланып жаткан ооруу сыркоолорго калган бөлүгү Элге төрага, төрайымдары аркылуу бирдей бөлүнүп берилет. Сүмөлөктүн да чебери болсо жакшы болот. Бизге ар жылы Гапарова Зияда эже өндүрүп берет»- дейт Бакытбек Эркинович.

«Сүмөлөктү өндүрүүдө күздүк буудайдан 40% жаздык буудайдан 60% өлчөмдө алып,  экөөнү эки башка өндүрс,  жакшы болот. Күздүк буудай даамы жакшы болсун үчүн, жаздык буудай сапаты жакшы болсун үчүн деп кошулат. Өнгөндөн кийин экөөнү эт майдалагыч менен майдалап, аралаштырып, маңызын казанга салат. Андан кийин ун кошул. Ундун 80% жогорку сорт, 20% тегирмен уну болсо жакшы болот»- дейт сүмөлөктүн чебери Гапарова Зияда эже.

 

20150319_103103Кабарчы   Анварбек Тухтаров