Нооруз майрамы быйылкы жылы да өзгөчө шаң менен белгиленди.
«Быйыл өзгөчө шаң менен жазды тосуп, Нооруз майрамын да жаңы нукта белгиледик. Себеби Президентибиз 2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп белгиледи. Биз бул жарлыкты «Улуттук экономиканы чыңдоо айылдан башталат»- деп демилге көтөрүп, жок дегенде өз коомубузду өнүктүрүүгө бардык күчүбүздү жумшайлы деп чечтик. Максаттарга жетүү үчүн өнүгүүнүн стратегиялык планына кошо тактикаларды иштеп чыгуу учурунда теориялык билимди жана мамлекеттик эмес уюмдардын методикасын, көмүр өндүрүүчү ишканалардын дасыккан инженерлеринин тажрыйбасын кеңири колдондук. Буйруса форс мажордук абал эле болбосо жыйынтыгы жакшы натыйжаларды берет. Кошбулакта 12 улуттун өкүлү отурукташкандыктан ишти биринчи коомчулукту социалдык жактан интеграциялоо менен баштадык анткени максатка жетүү үчүн коомчулуктун колдоосу зор болуусу керек. Бул багыттагы кадамдарыбыздын бири бул Нооруз майрамынын белгилениши болду»-дейт аймактын башчысы Бакытбек Эркинович Сапаркулов.
Кабарчы: Гульмира Садридин кызы.