Белгилүү революционер Данил Тихонович Дехкановдун атын алып жүргөн Дехканов аймагынын жашоочулары үчүн ажаткана куруу иштери бүгүн 25.03.15 башталды. Бул боюнча Дехканов коомдук өзалдынча башкаруу аймагынын башчысы Шерова Кайрыл эжеден маалымат алдык.
«Биздин көчөдөгү үйлөр бардыгы эки кабаттуу, 1962-жылдары курулган типтүү үйлөр. Жеке менчикке өткөрүлгөндөн кийин жалпы колдонулуучу түзүмдөр анын ичинен суу түтүгү, канализация ремонттолбой калып жараксыз абалга келген. Натыйжада батирлердеги санузелдер иштебей калып дааратканадан кыйынчылык болду. Ушул маселени чечүү үчүн жалпы колдонулуучу даараткана куруп алалы деп чечтик. Буга жергиликтүү бийлик, жеке ишкерлер да колдоо көрсөтүп жатат»- дейт Кайрыл Шерова.
«Бул курулушка жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом каражат бөлүнгөн. Андан сырткары көмүр өндүрүүчү ишканалар да демөөрчүлүк кылууга макул болгон. Тургундар өздөрү да 500 сомдон баштап салым кошууда»-дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов
Кабарчы: Анварбек Тухтаров