“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктү шаарынын музейиндеги уникалдуу табылгалар

29 Март 2015 жыл 21:35
Көрүүлөрдүн саны: 109

Г. Мадеминовдун «Сүлүктү шаарыны кыскача тарыхы» китебинин экичи жолу толукталып басылууга материал топтоо иштери коомчулуктун активдүү өкүлдөрү тарабынан кызуу жүрүп жатат. Ушул иш аракеттерди уюштуруп жатканда Сүлүктү шаардык музейиндеги уникалдуу экспонанттарга күбө болуп, окурмандар менен кыскача бөлүшүп коёлу деп чечтик.

Чопо куурлары. Бул куурлар азыркы мэриянын имаратынын жанындагы военкомат имаратын (азыркы отдел охрана) куруу үчүн казуу иштерин жүргүзүп жатканда табылган. Музейдин башчысы А. Ниязовдун айтымына караганда бул чопо куурлары ХIII кылымдарга таандык. Ошол учурда азыркы водопроводдун функциясын аткарган. Тилекке каршы учурунда археологиялык казуу иштери жүргүзүлбөй, терең үйрөнүлбөй калган.

20141118_162430