Экологияны сактоо, жер көчкүлөрүн болтурбоо боюнча алдын ала чара көрүү боюнча «Жашыл Долбоор»- каржылануусу башталды. Бул долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү долбоору каржылай баштаганы маалым болду. Бул долбоордун автору, Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Бакытбек Сапаркулов төмөнкүдөй маалымат берди:» Долбоордун алкагында жер көчкүсүнө кооптуу болгон жалпы аянты 8 Га жерге бадам, мисте жана кургакчылыкка чыдамдуу чөптөрдүн уруктары себилет жана «тикендүү зым» менен тосулат. Анын 6 Га Сүлүктү шаарынын аймагында 2 Га Кошбулакта болот. Долбоордун уникалдуу жагы экологияга пайдалуу, жер кыртышын сактоо менен чектелбей келечекте бадам, мисте түшүмү кошумча киреше да берет. Ошондой эле кургакка чыдамдуу чөптөрдү да өстүрүп чогултуп алууга болот. Долбоорго ылайык аз камсыз болгон, жумушсуз жарандар убактылуу жумуш менен камсыз болот, башкача айтканда бардык жактан пайдалуу долбоор. Долбоордун өздук салымы бар. Жергиликтүү бюджет тартыш болгондуктан өздүк салым кошууга «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, шаардык Кеңештин депутаты Исманали Джумабаевич Карабаев жардам берип жатат. И. Карабаев жада калса Лейлек районунун аз камсыз болгон тургундарына да жардам берет. Мисалы бир жыл ичинде жалпысынан 4 млн. сомдон ашуун аркандай жардам берген учурлары болгон. Долбоор Сүлүктүнүн аймагында башталды ал эми аба-ырайына байланыштуу Кошбулакта баштай албай жатабыз»- дейт Бакытбек Эркинович.
Кабарчы: Гүлмира Садридин кызы