Кошбулактагы жергиликтүү тургундар менен «Коал групп» ишканасынын ортосунда чыккан талаш тартыш маселесин Президентибиз өзү көзөмөлгө алды. Бүгүн 05.04.15 Президенттин аппаратынан кызматкерлер келип Эл менен ачык айкын жолугушуу өткөрүп, маселени ордуна барып көрдү.»Буга себеп жергиликтүү тургундар Облустук Соттун чечимине макул болбой, аркайсы Соттун карамагында жүрүп жабылуу аяк жабылуу болуп калбасын деп, чоң ишеним көрсөтүп түз эле Президент А. Атамбаевге арыз жаздык. Мына тез аранын ичинде Президенттин аппаратынан Жаркын Борукулович Максутов аттуу өкүл келип, маселени ордунда көрүп, чындыгында элдин талабы туура экендигине ынанып Геология жана минераллык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке тиешелүү көрсөтмө берип, мыйзам чегинде чечип берүүгө убада берип кетти»- дейт «камчатка» айылынын айыл башчысы Ниймат Айжигитов.
«Мындай маселе Кыргызстандын кен чыккан көп эле жеринде кездешүүдө, бирок бүт эле жерде тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөр менен чечилбейт. Кээ бир жерде күч колдонулуп, аркандай кылымыш иштер да болуп кетүүдө. Мен жалпы эле мекендештеримди сабырдуулукка чакырып, арга жок болсо Президентке кайрылып, маселени тынч, мыйзамдуу жол менен чечүүгө чакырар элем. Эл башында менин сунушума анча ынанган жок, эми тез арада Президенттик аппараттан өкүл келип, маселени ордунда чечкен соң ишеним артты»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Бакытбек Эркинович Сапаркулов.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров