“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Кошбулакта Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы иш сапары менен келди

8 Апрель 2015 жыл 15:41
Көрүүлөрдүн саны: 59

20150408_114712

Бүгүн 08.04.15 табигый шарты катаал болгон, андан сырткары жер астындагы көмүрү казылып көптөгөн өндүрүштүк ишканалар жайгашкан Кошбулак аймактык башкармалыгына ӨКМ дин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы полковник Альберт Тагаев тиешелүү адистери менен кошо иш сапары менен келди. Негизинен жер кыртышынын абалына жер көчкүсү боюнча мониторинг жүзүлдү. Ошондой эле ӨК министрлиги тарабынан каржыланып аткарылып жаткан иштерди ордуна барып көрүп, кеп кеңешин берди. «Иш сапары учурунда Кошбулак аймактык башкармалыгы тарабынан коомчулукту мобилизациялоо менен куруп жаткан эки көпүрөнү  Альберт Эргешович көрүп, ӨКМ тарабынан да жардам катары күйүүчү май, «габион» тору жана башка каражат сметага ылайык берилерин маалымдады жана мамлекетти эле карап олтурбай өздөрү да салым кошуп иш баштаган жергиликтүү тургундарга ыраазылыгын билдирди»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов.

Кабарчы:              Мусуратилла Исканов