Сүлүктү шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан «Сармерден» оюнуна бүгүн 08.04.15 шаардык ооруукананын дарыгерлеринен турган топ катышты. «Бардык көрүүчүлөрдүн купулу толуп, аябай ыраазы болуп кетишти. Көрсө врачтар дарысы менен эле дарылабай, ыр-бийлери менен да дарылай алат экен»- деп тамаша менен сөзүн калыстар тобунун төрайымы Зымырат Карыбекова жыйынтыктады.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров