Сүлүктү шаары боюнча апрель айынын башында болгон үшүктүн зыяны аныкталууда. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катынын негизинде мэриянын буйругу чыгып, комиссия түзүлдү. Комиссияга жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү киргег. Азыр иш кызуу жүрүүдө. Жарандар жеке суроолору болсо 03653 5-00-02 телефонуна чалып маалымат алса болот.
Кабарчы:
http://suluktumedia.kloop.kg
Гүлмира Садридин кызы