“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Зордук-зомбулукка каршы биргелешкен аракеттер башталды

14 Апрель 2015 жыл 14:58
Көрүүлөрдүн саны: 71

Сүрөттө жыйында сүйлөй тургандар даярданып жатат.20150414_103104

Бүгүн 14.04.15 Кошбулакта №4-орто мектептин Чоң жыйындар залында үй-бүлөдөгү жана жаш балдарга карата көрсөтүлүүчү зордук-зомбулукту болтурбор максатында жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдарынын Биргелешкен жыйыны болду. Жыйынга шаардык прокуратурадан прокурордун жардамчылары А. Мисиров, Д. Ташкожоевдер, Ички иштер бөлүмүнөн майор Б. Досов, участковый А. Туркбаев Ардагерлер кеңешинен Жарашбай ажы Мамытов, кесипчилик лицейинин директору А. Абдибахапов, айыл башчылары, төрайымдар, жаш балдар менен иш жүргүзгөн тиешелүү кызматкерлер болуп жалпы 128 киши катышты. Жыйынды Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркулов ачып алып барды. Жыйында жаш мугалим Лутфулло Исабек уулу баалуу сунуштарын берди. Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдары менен укук короо органдары биргелешип аткаруучу иш чараларды кабыл алды. Иш чарага ылайык Сүлүктү шаары боюнча ар бир коомдук өзалдынча башкаруу аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Жыйындын өзгөчөлүгү докладчылар Элден эрте келип күтүп турду.

20150414_103154

20150414_103117

Кабарчы:        Анварбек Тухтаров