“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Ханнс Зайдель фондунун Орто Азиядагы башчысы Доктор Макс Майер Сүлүктүгө келди

16 Апрель 2015 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны: 97

 

Сүрөттө Кошбулак аймагы20150413_164758Ханнс Зайдель Фондунунун Орто Азиядагы башчысы Доктор Макс Георг Майер иш сапары менен Сүлүктү шаарында болду. Максаты Фонддун каржылоосу менен Президенттин алдындагы башкаруу Академиясынын магистр программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн иштери менен танышуу жергиликтүү кадрларга бир күндүк окутуу өткөрүү.

«Макс Майерге Сүлүктү шаары өтө жакшы пикир калтырыптыр. Биз ал кишини нан туз менен тосуп алып, Кыргыз Калпагын белекке бердик. Анан көмүр шахталары менен тааныштырдык. Доктор Майер баалуу пикирлери менен бөлүштү»- дейт Ханнс Зайдель фонддун магистр бүтүрүүчүсү, Кошбулак аймактык Посёлкалык башкармалыгынын башчысы Бакыт Сапаркулов. Анын айтымында «За заслуги»- медалын алууга негиз болгон жумуштагы жетишкендиктерди камсыз кылууга Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясын магистрдик программасынын билими жардам берген.

Кабарчы Гүлмира Садридин кызы