“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Улуу Жеңишти утурлап М. Абдумомуновдун элесине шахмат чемпионаты өткөрүлүп жатат

6 Май 2015 жыл 17:56
Көрүүлөрдүн саны: 72

20150506_172923

Кошбулакта Улуу Жеңиш майрамын утурлап салттагыдай Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, маркум мугалим Мүйдүн Абдумомунов агайдын жаркын элесине шахмат боюнча 5- чемпионат өткөрүлүп жатат. Бул мелдешке Сүлүктү шаары, Кошбулак аймагы боюнча профессионал шахматчылардан тандалган 12 оюнчу катышып күч сынашып жатат. Шахматчылардын арасында спорттун чеберлери, чеберликке кандидаттар бар.

Бул иш чара быйыл 5- жыл Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркуловдун демилгеси менен агайдын кенже уулу Муса Мүйдүнович Абдумомуновдун демөөрчүлүгүндө Кошбулактагы Аксакалдар Үйүндө өткөрүлүп жатат. Оюн жыйынтыгы 8-май күнү чыгарылат. Жеңүүчүлө,  демөөрчүлөр жөнүндө кенен макала беребиз.

Кабарчы:      Анварбек Тухтаров