“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Кошбулакта Ата-мекендик согушта курман болгондорду эскерүү аземи болду.

9 Май 2015 жыл 21:10
Көрүүлөрдүн саны: 91

20150508_101703

Кошбулактагы Улуу Ата-мекендик согушта курман болгондор үчүн курулган «Эч ким, эч нерсе унутулбайт» мемориалында 8- май күнү эскерүү аземи болду. Аземди Кошбулактын башчысы Б. Э. Сапаркулов ачып, согушта курман болгондорду эскерүү үчүн «1 минуталык тыныгуу жарыялады. Андан соң куттуктоо сөздөрү: Шаардык Кеңештин Төрагасы К. Исмаилов, вице-мэр Б. Ташев, Ардагерлер Кеңешинин төрагасы М. Таштанкулов, Аксакалдар Сотунун Төрагасы Э. Гайбеков, Социалдык Фонддун башчысы А. Саипов, Ооган Жоокерлеринин Төрагасы жана башкалар кезеги менен куттуктоо сөздөрүн сүйлөдү. Кошбулак аймагынын баш имам-хатиби Молдо Зулкайнар ажы Жапаров куран окуп, Кошбулак аймактык башкармалыгынын Д. Жороев айылынын башчысы жана имамы молдо Жараш ажы Мамытов дуба кылды.

Аземдин соңунда Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов аземди өткөрүү үчүн жасалгалоо иштерине өзгөчө жардам бергени үчүн Апсамат Масалиев атындагы №73- Кесипчилик Лицейинин эмгек жамаатына жана директору Асылбек Абдибахаповго терең ыраазычылык билдирди.

20150508_102442

20150508_101737

20150508_105113

Кабарчы:         Б. Юсупова