“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Кошбулак: Жаңы бала бакча түзүлүүдө.

9 Август 2015 жыл 8:38
Көрүүлөрдүн саны: 84

скачанные файлыХ

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн «Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүү»- долбоорунун колдоосу менен Кошбулак аймактык Поселкалык башкармалыгында дагы бир муниципалдык бала бакча түзүү иштери башталды.

Долбоордун автору Б. Сапаркулов төмөнкүдөй маалымат берди: Долбоор «Кожой-Серек» коомдук фонду аркылуу ишке ашып жатат. Долбоор жазылып сунушталып жатканда Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан өздүк салым кошуу каралган болчу. Тилекке каршы жергиликтүү бюджет тартыш болуп, өздүк салымды Э. Абдуллаева баш болгон ыктыярчылар Элден чогултуп жатат. Атайын чогулуш болуп протокол менен кабыл алынган, ыктыярдуу түрдө жүрүп жатат. Шаардык Кеңештин токтомуна ылайык, Элдин суранычын канааттандыруу үчүн Р. Жолбаев атындагы 4- орто мектептин имаратында атайын мектепке чейинки билим берүү үчүн курулган, типтүү эки кабат блогунда уюшулган. Бир жүз балага ылайык эмерек, жабдуулар долбоордун алкагында берилет»- деп маалымат берди.

детсад 4 мектепКабарчы:         М. Исканов

 
how to cite a website in an essay effective essay writing famous essays