“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктү: Шайлоого үгүт иштери кызуу жүрүп жатат

14 Сентябрь 2015 жыл 16:46
Көрүүлөрдүн саны: 74

20150910_110745

(Сүрөттө Кольцо айылындагы жолугушуу)

4- Октябрь күнү өтө турган Жогорку Кенештин Депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери Сүлүктү шаарында да кызуу жүрүп жатат.

Бул  боюнча Сүлүктү шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы А. Ниязов төмөнкүдөй маалымат берди:

14- сентябрга карата Сүлүктү шаары боюнча аймактык комиссияга 14 партиянын ичинен 6 партия өкүлдөрү келип, бардык тиешелүү документтерин тастыктап, каттоодон өттү. Алар:

1) Бүтүн Кыргызстан Эмгек партиясы;

2) СДПК партиясы;

3) Өнүгүү- Прогресс партиясы;

4) Республика- Ата Журт партиясы;

5) Замандаш партиясы

6) Бир Бол партиясы;

Ушул партиялар штабдарын ачып иштерин жүргүзүп жатат дейт- А. Ниязов

Кабарчы:         М. Исканов