Сүлүктү көмүр кендеринин «Матазим» жоопкерчилиги чектелген коомунда 20.10.2015-жылы кырсыктан улам 3 киши каза болуп, 2 киши оорууканада оор абалда жаткандыгына байланыштуу, бүгүн 22.10.2015- жылы Мэриянын жыйындар залында облус прокурору Жумабаев Латип Пазылович, шаардын мэри Абдузакир Арзыбаевич Ибрагимов шаардагы бардык шахтанын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Акыркы убактарда көмүр кендериндеги кырсыктан өлгөн кишилердин саны көбөйгөндүгүнүн себебин анализдеп, жыйынтыгында мыйзамдарга толуктоо киргизүү боюнча жогорку инстанцияларга сунуш менен кайрылуу чечимдери кабыл алынды.
Кабарчы: Б. Сапаркулов