“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Кошбулак: жаңы конушка жаңы трансформатор орнотулду

26 Ноябрь 2015 жыл 14:59
Көрүүлөрдүн саны: 81

20151126_144259

Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгындагы Ш. Джураев жана Р. Жолбаев айылдарынын чегиндеги 75 турак жай орношкон жаңы конушка жаңы трансформатор орнотулуп жатат.

«Трансформаторду жана темир-бетон электр мамыларын жергиликтүү бийлик чечип берди. Коомчулук орнотконго салым кошту. Сүлүктү райондук электр тармагы ишканасы (Сулюктинский РЭС автор.) трансформаторду ревизиялап, керектүү жабдууларын толуктап, «май» куюп, электр мамыларынын керектүү тетиктерин орнотуп, буйруса жогорку чыңалуудагы тармакка кошуп жатабыз. Эми эл кышында кыйналбайт»- дейт аталган ишкананын жогорку чыңалуу линиялар боюнча мастери Шавкат Казбеков.

20151126_144243

Кабарчы:            Б. Сапаркулов