Сүлүктү шаарынын прокурору А.Д.Анарботоев 2016- жылдын башынан баштап кылмыштуулукту азайтуу, мыйзам бузуунун алдын алуу санын кескин азайтуу максатында шаардын активи менен жолугушуу уюштуруп семининар-форум өткөрдү. Бул жолугушуу учурунда мекеме ишканаларда системалуу түрдө кайталанган катачылыктар жөнүндө сөз болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Форум учурунда шахтерлордун өлүмүн азайтуу, көмүр кенинде коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча кеңири талкуу болуп, атайын иш чара кабыл алынды
Кабарчы: Б. Сапаркулов