“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктү: Бюджеттик угуу- 2016 өткөрүлдү.

3 Февраль 2016 жыл 11:16
Көрүүлөрдүн саны: 50

20160203_103706

Бүгүн 03.02.2016-жылы Сүлүктү шаарында 2016-жылдын бюджети 2017-жылдын болжолу боюнча коомдук угуу болуп өттү. Бюджеттик угууга Сүлүктү шаарынын мэри, шаардык Кеңештин төрагасы, шаардык Кеңештин депутаттары, Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы, бардык коомдук өзалдынча башкаруу аймактарынын башчылары жана активисттер катышты.

Негизги максат жергиликтүү бюджетти туура жана приоритетке ылайык бөлүштүрүү, бюджеттик процессте ачык айкындуулукту камсыз кылуу. Ар бир муниципалдык ишкана жана муниципалдык аймак өз маселесин чечүү сунушун көтөрүп, талкууга коюп көбүрөөк добуш алып бюджетке киргизип алууну көздөйт. Бул учурда шаардык Каржы бөлүмү маселенин мыйзам чегинде чечилүүсүн көзөмөлдөп, коомчулукка багыт берип турат.

Бюджеттик угуу менен бирге коомчулукту социалдык мобилизациялоо иш чаралары да өткөрүлдү.

 

Кабарчы:      Анварбек Тухтаров