“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Ооган согушунун Ардагерлери майрамына даярданууда

10 Февраль 2016 жыл 11:14
Көрүүлөрдүн саны: 105

20160210_105016

Сүлүктү шаардык Ооган согушунун ардагерлери 15- февраль күнү белгиленүүчү Интернационалисттик милдетин аткаргандыгынын  27 жылдыгын белгилөөнүн алдында. Бул боюнча уюмдун төрагасы А. Кенжебаев төмөнкүдөй маалымат берди:

20160210_104744

Биз офисибизге чогулуп, майрамды кандай белгилөө жөнүндө кеңешип жатабыз. Албетте бизге Сүлүктү шаардык мэриясы, шаардык Кенеш жана Кошбулак аймактык башкармалыгы уюштуруу иштерине жардам берүүдө. Ошондой эле «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевич демөөрчүлүк көрсөтуп жатат. Анын колдоосу менен 12-февралдан баштап согушта жана согуштан келгенден кийин курман болгон куралдаштарыбыздын үй-бүлөлөрүнө бекер көмүр жана акчалай жардам жеткирүүнү баштайбыз. Калган шахталар деле жылдагыдай жардамын берүүгө аракет кылып жатат. Негизинен бардыгына ыраазычылык билдиребиз.

20160210_101410

Кабарчы:            Б. Сапаркулов