“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Ооган Жоокерлеринин майрамы белгиленүүдө.

15 Февраль 2016 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны: 100

 

 

 

Жоокер интернационалист

20160215_112311

Бүгүн 15.02.2016- жылы Сүлүктү шаарында Ооган Жоокерлеринин күнү салтанаттуу белиленди. Бул жыйынга сүлүктүлүк 25 Ооган жоокерлердин 21 катышты. Ооган Согугунун Ардагерлерин шаардын жетекчилери, Шаардык Кенештин депутаттары жана Сүлүктү-Лейлек биргелешкен аскер комиссарынын орун басары, капитан  Т. Момуналиев келип куттуктады.

20160215_112404

Ооган жоокерлерин куттуктоодо Өзгөчө шаардык Кеңешин Депутаты, Кызыл-Булак шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевичтин жасаган иштери башкаларга үлгү болду. Бул Инсан ооруп каза болуп калган Ооган жоокерлеринин үй-бүлөлөрүнө 500 кг көмүр жеткирип, Рыскулов Икрамжанга  Кушматов Бегалиге 500 кгдан БК (ирик көмүр) үйлөрүнө жеткирип берди.

Ошондой эле башка шахталардын жетекчилери, жалпы эле ишкерлер материалдык белектерди беришти.

Өзгөчө шаң кошуп, урмат белгиси үчүн Ички иштер кызматкерлери «Залп» менен ок чыгарышты.

20160215_114339

Кабарчы:     А. Тухтаров