
Улуу ойлоп тапкычтар, окумуштуу илимпоздор белгилегендей ачылыштар жөнөкөй нерседен башталат. Биз илимий ачылыш эмес жөнөкөй эле турмуштук тажрыйбадан бир шиңгил чагылдыралы дедик. Анда эмесе сөз башынан болсун. Кошбулак аймактык башкармалыгы тарабынан уюштурулуп өтүп жаткан «үлгүлүү үйбүлө- үлгүлүү аймак» бир айлык кампаниясынын жүрүшүнүн орчундуу жерлерин чагылдыруу үчүн айыл аралап жүрүп төмөнкүдөй көрүнүшкө күбө болдук:

Короосунда иштеп жаткан үй ээсин кепке тарттык: Мен Юнусов Айдарали Кушматович, жашым 62 де, «Кызыл-Булак» шахтасында жөнөкөй жумушчу болуп иштеймин. Бош пластик идиштерди колдонууну турмуш үйрөттү. Бул мен көрктөндүрүп жаткан жер тилкеси мурда сел басып калган, эч ким карабаган жер эле. Көрктү бузуп, аркандай калдыктар шамалга учуп жаткандыктан тазалап баштасам «коланын» идиштери өтө көп чыкты. Аларды зым менен байлап койсом тегерек формага келип калды. Ичи толо ылай болгондуктан саркынды суунун жолун тосоюн деп коюп койдум. Байбичем атайын буюм экен деп ойлоп жумуштан келгичем топурак салып, үстүнө гүл урук сээп коюптур. Анан ой келди да жасай баштадым. Пластик материал чирибейт, бузулбайт ичине топурак толтуруп ортосунан мык менен тешип зым өткөрүп чоң машиненин дөңгөлөгүн калып катары колдондум. Баары бүткөндө дөңгөлөктү чыгарып, орждуна кара топурак салып гүл отургуза баштадым. Мындай гүл челектен 20 даана жасалды. Бул өнөрүмдү өнүктүрөйүн деп чечтим. Буйруса бир айдан кийин келгиле натыйжасан көрөсүңөр»- деп тамаша-чын кылып маек берди.

Кабарчы: Б. Юсупова