2016-жылдын биринчи жарым жылдыгы өзгөчө жаанчыл болгону менен жана катуу шамал болуп турак-жайлардын чатырын учурганы менен коомчулуктун эсинде калды. Ал эми Жарандык Коргонууда Эмне Кеп?
Бул маселе боюнча Сүлүктү шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн начальниги, ага лейтенант Улан Мурзамуратов төмөнкүлөрдү маалымдады:
Ооба быйылкы жыл өзгөчө жылдардан болду. Жамгыр көп жаап андан сырткары эки жолу катуу шамал болуп жалпы шаар боюнча 90 ашуун үйлөрдүн шиферин шамал учурду. Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан, шамалдан жабыр тарткандарга шиферлер берилди жана Кошбулак аймактык башкармалыгындагы негизги сел өткөрүүчү курулмада оңдоо иштери жүрүүдө»- дейт Улан Мурзамуратов

Кабарчы: Анварбек Тухтаров