“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Алгылыктуу демилге.

9 Июль 2016 жыл 10:11
Көрүүлөрдүн саны: 94

20160709_100855

Кошбулактын, Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун атын алып жүргөн аймагынын Көмөкчү мектеп интернатынын жогорку жагындагы А. Масалиев атындагы №73-кесипчилик лицейинин жана №9- гимназиянын авто унаа жолу тегизделип, шагал кум аралашмасы төгүлүп, каток менен катырылып өтө соонун абалга келди.

Окуя болгон жерден С. Садыков айылынын айыл башчысы Эмилбек Надырбековдон маек алдык: «Демилгени Эл өзү көтөрдү, анан ортого акча чогултсак бир аз каражат чогулду. Эсептеп көрсөк күйүүчү майга жеткидей болот экен. Арыз менен шаардык Кенештин Депутаты Карабаев Исманали Джумабаевичке кайрылсак техникалары менен жардам берди. Шаардын муниципалдык грейдерин заявка  менен чакырдык. Ага өзүбүз күйүүчү май куйдук.  Аскар Абдысаитов аттуу жеке ишкер 500 сом калган тургундар 200 сомдон чогулттук. Сүлүктү Таза суу ишканасынын директору Халов Шамшидин Каримович Камаз водовозун берип турду. Жыйынтыгы мына өтө сапаттуу болду»- деп маалымат берди.

1468048093239574479491

Кабарчы:         М. Исканов