“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Ооган жоокерлерине камкордук.

13 Февраль 2017 жыл 6:22
Көрүүлөрдүн саны: 54

20160210_101410

Бүгүн 13- февраль 2017-жылдан баштап салт болуп калгандай, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Джумабаевич Сүлүктү шаары боюнча Ооган согушунда каза болгон жана Оогандан келгенден кийин каза болгон жоокер интернационалисттердин үй-бүлөлөрүнө барып көңүл айтып, колдон келген материалдык жана моралдык жардамын берүүнү баштады.

20160507_112221

«Бул иш чараны көп жылдан бери, Ооган жоокерлеринин майрамына карата уюштуруп келе жатамын. Иш чара бүгүндөн баштап 15-февральга чейин уланат. Интернационалист жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө кам көрүү атуулдук парзым»- дейт Исманали Джумабаевич.

«Исманали Джумабаевичтин кайрымдуулуктарын Жараткан өзүнөн кийинки муундарына мээрими менен кайтарсын»- дейт атын атагысы келбеген Ооган жоокеринин өмүрлүк жубайы.

Иш чара жөнүндө кийинчерээк толук маалымат беребиз.

       Кабарчы:                  Б. Сапаркулов