“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө Ак-Кар «Русская Зима» майрамы өзгөчө шаң менен өттү.

25 Февраль 2017 жыл 14:00
Көрүүлөрдүн саны: 97

20170225_101127

(Сүрөттө вице- мэр М. Сапаркулова, мэр Р. Абдыназаров жана 1 вице-мэр Б. Ташев)

20170225_111950

«Бүгүн Баткен облусунун Сүлүктү шаарында Ак-Кар «Русская Зима» майрамы өттү.  Бул майрам Сүлүктү шаарында союз убагынан бери ар жылы кыш кетип жаз келээр мезгилде уюшулуп өткөрүлүп, көп улуттун өкүлүнөн турган ынтымактуу шаар эли үчүн салт болуп калган майрам.  Майрамда ар улуттун ыр бийлери аткарылат. Спорт оюндарынан «аркан тартуу», «мамыга чыгуу» «таш көтөрүү» (24 жана 32 кг) жана чана тебүү оюндары уюштурулуп жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилип келген. Бирок көп жылдан бери өткөрүлбөй калган элдик майрамды жакында шаардын мэри болуп бир добуштан шайланган Абдыназаров Рахманберди Эрматович кайрадан уюштуруп, эл достугун чыңдоо жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында көп элементтерин жаңылап өткөрдү. Мисалы «Бута атуу» «Үйлөнмө чана» тебүү оюндары бардык шаар элине жакты» — дейт Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри М. Э. Сапаркулова.

«Бул майрамдагы спорттук оюндарга өтө көп спортчу катышты. Шахтерлор көп баалуу белектерди алса, «Аркан Тартуу» оюнунда жогорку окуу жайынын окутуучулар командасы биринчиликти алды»-дейт спорт бөлүмүнүн башчысы М. А. Убаев.

20170225_125742

20170225_122738

«Таза абада элибиз өзгөчө шаң менен эс алды. Наристелерди кубанткан «Ат чана» болду. Мектеп жашына чейинки наристелерди атка чегилген, славян улутуна таандык болгон оймо чийме менен кооздолуп жыгачтан жасалып, «Ак боз» атка чегилген чана кезек кезеги менен сейилдетти.20170225_111016

Мектеп окуучулары үчүн «үйлөнмө чаналар» (жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөк камераларына жел толтурулган) тейдөө көрсөттү. Бардык тейлөөлөр бекер болду» Анткени учурда Н. Абдыназаров жетектеген «Нур» көмүр өндүрүүчү компаниясы демөөрчү болду. Мен «Бута атуу» оюнунда 24 катышуучунун ичинен 1-орунду жеңип алдым. Уюштурган мэрибиз Рахманберды Эрматовичке жалпы Кошбулактын Элинин атынан терең ыраазычылык билдиремин»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов

20170225_143548

20170225_110948

20170225_111922

20170225_111902

Кабарчы:                Анварбек Тухтаров