“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдөгү №9-гимназиясында Мыкты эне конкурсу жыйынтыкталды

8 Апрель 2017 жыл 18:42
Көрүүлөрдүн саны: 83

20170408_133027

Бүгүн 08.04.2017- жылы Сүлүктү шаарындагы №9- мектеп-гимназиясында, новатор педагог Гапыр Мадаминовдун  «Ата-энелер сиздер үчүн» китебинин негизинде Мыкты Эне конкурсу болуп өттү.   20170408_133006

Конкурска Гапыр Маматкулович өзү, Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Э. Сапаркулова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Ж. Исманов, шаардын баш имам-хатиби Муса ажы Жолдошов, шаардык төрөт үйүнүн башчысы Г. Х. Самадова ж.б бир төп жетекчилер катышып конкурсант энелерге дем күч берип турду.20170408_130020

«Лейлек районунун Голбо айылынан да энелер келип көрүүчү болгону Мыкты Эне-2017 конкурсунун өтө жогорку деңгээлде болгонунан кабар берет»- дейт ата-энелер комитетинин төрайымы Самадова Гульнара Халиевна.

(сүрөттө солдон оңго: Б. Рустамова жана Г. Самадовалар) 20170408_133051

Жыйынтыгында 6 эненин ичинен Акимова Алтынай жеңүүчү деп табылды. 

Жыйын соңунда бардык ата-энелер уюштуруп өткөргөн №9-гимнизиянын директору Б. С. Рустамовага жана китептин автору, Лейлек районундагы №3- Эксперименталдык (облустук маанидеги) гимназиясынын директору Г. М. Мадаминовго терең ыраазычылыктарын билдирди.

20170408_161110

Ушундай эле конкурс Сүлүктү шаарындагы №4-орто мектебинде да болуп өткөндүгүн кошумчалайбыз.

Кабарчы:        Анварбек Тухтаров