“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Ардагердин Ак батасын алган шаар жетекчилери.

4 Май 2017 жыл 18:17
Көрүүлөрдүн саны: 79

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 9-май Улуу Жеңиш майрамын татыктуу белгилөө үчүн кызуу даярдыктар көрүлүүдө.

Сүлүктү шаарынын мэри Р. Э. Абдыназаров

«Улуу Жеңиш майрамын утурлап, Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберды Эрматович Абдыназаров баш болгон шаардык Кеңештин төрагасы Т. Азизбеков жана Социалдык Өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М. Джурабаев жана башка жетекчилер Сүлүктү шаары боюнча жалгыз калган Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Вазых Низамутдиновдун үйүнө барып, акыбалынан кабар алып, белек-бечегин берип дегендей 9-май күнү өтүлүүчү майрамдык аземге чакыруу беришти.  Белгилей кетсек Улуу Ата мекендик Согушка Сүлүктү шаарынан аттанган миңдеген жоокерлердин ичинен Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков да болгон.»- дейт Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри М. Э. Сапаркулова.

Кабарчы:          Анварбек Тухтаров