
Мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттердин катарында Эгемен Кыргыз Республикасында да кенчилердин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат.

Бул кесиптик майрам «Орто Азиянын кочегары»- деп аталган Сүлүктүдө да өзгөчө шаң менен белгиленип жатат. Бүгүн Сүлүктүдөгү «Кызыл Булак» көмүр өндүрүүчү компаниясында да өзгөчө шаң менен башталган аземде, шаар мэри, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Даңк медалынын ээси Абдыназаров Рахманберди Эрматович кенчилерди кесиптик майрамы менен куттуктап:»Сүлүктүдө официалдуу түрдө биринчи жолу 1868-жылдан баштап полковник Фавицский тарабынан кен казуу иштери жолго коюлгандыгы, көмүр кени сапаты боюнча Орто Азиядагы эң жогорку сапаттагы кен экендиги, 1960-1970- жылдары бир жылда 1млн тоннага чейин көмүр өндүрүлүп жүргөндүгү жөнүндө маалымат берди. Андан кийин мамлекетибиз эгемендүүлүккө жетишкенде баштапкы учурда көмүр өндүрүү төмөндөп кетсе кийинки мезгилдерде иш билги жетекчилердин күжүрмөн эмгеги менен кайра жакшы жолго коюлуп, өндүрүлгөн көмүрдүн дээрлик 70% ашыгы кошуна Тажик Республикасына экспорттолуп мамлекетибиздин бюджетине салым кошуп жатканына токтолду. Шахта жетекчилерине эң негизи өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча көрсөтмө берди. Сөзүн жыйынтыктап жатып Карабаев Исманали Джумабаевич жетектеген Кызыл Булак ишканасы шаардагы эң алдыңкы беш ишкананын бири экендигин баса белгиледи.

Карабаев Исманали Джумабаевич дагы эле болсо иш билгилиги менен башкаларга үлгү болуп, эң оболу пенсиядагы кенчилерге сый урматын көрсөтүп, белек бечегин берди. Андан кийин кенчилерге мотивация берүү үчүн уюштурулган эмгектеги бригадалардын арасындагы, жеке кенчилердин арасындагы бир жылдык мелдештердин жыйынтыгын чыгарып жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектерин берди.

Сүлүктү шаарындагы Ардагерлер кеңешинин мүчөсү Саитислам Аксакал куттуктоо Сөзүндө Исманали Джумабаевичтин Ак жүрөгү менен элине жасап келген меценаттыгына ыраазычылыгын билдирди

Жыйын соңунда жалпы катышуучулардын атынан Кыргыз Республикасынын «Ардактуу Шахтеру» ардактуу эс алуудагы аксакал Түркбаев Асанбай Исманали Джумаөаевич баштаган эмгек жамаатына жана жалпы Сүлүктүлүк кенчилерге Ак батасын берди.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров