
Урматтуу сайтыбыздын окурмандары, жалпыңыздарды, Сүлүктүлүктөрдү жана конокторубузду Ыйык Курман Айт менен чын дилден Кошбулак жамааттык мультимедиа борборунун жана «Кожой-Серек» коомдук фондунун атынан куттуктап, арафа күнү- дуаларды Аллахым токтоосуз кабыл алган күнү -«Дүйнө Элинин катарында Кыргызстандыктарды да өз мээримине алып, эки дүйнө бактылуулук берсин, тынчтык болсун»- деп бир Жараткан Аллахтан суранам.
Кошбулактын имам хатиби молдо Ислам таксырдын айтуусу боюнча Курман Айт намазы Сүлүктүдө Борбордук аянтта, Кошбулакта борбордук «Мухаммед» мечит медресесинде эртең менен саат 8-00 дө окулуусу күтүлүүдө.
«Кожой-Серек» коомдук фондунун директору, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги: Б. Сапаркулов